Санкт-Петербургда мигранттардын массалык мушташы: 380 адам кармалды

Автор

Санкт-Петербургда Приморское шоссесиндеги Лахта борборунун курулуш объектисинин аймагында негизинен эмгек мигранттарынан турган жумушчулардын массалык мушташы болду. 380 адам Санкт-Петербургдун ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Мушташ эмнеден улам келип чыкканы айтылган эмес.
Массалык мушташ 3-июнь күнү кечинде Лахта борборунун аймагындагы ашканада башталып, андан соң көчөгө өткөнүн билдирди.
Мушташ учурунда арматура, таштар жана курулуш маскалары да колдонулган.
«Натыйжада Кыргызстандын бир жараны ооруканага жеткирилген. Профилактикалык иш-чаралардан кийин мушташтын болжолдуу төрт уюштуруучусу аныкталган.
Заказчы жана инвестору «Газпромнефть Чыгыш Европалык долбоорлору» болгон «Лахта» борборунун курулуштарында миңдеген адамдар, анын ичинде Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жарандары иштешет.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаш кезде үйрөнө турган жашоонун беш сабагы

25 жашка чейин үйрөнүшүбүз керек болгон 5 жашоо сабагы.   Финансылык сабаттуулукту үйрөнүү керек Финансы тармагында өз алдынча билим алуу – бул ансыз мындан аркы этаптарды басып өтүү жана жалпысынан үй сатып алуу же бизнес ачуу сыяктуу олуттуу максаттарды коюу акылсыздык. Ден соолугуңузга кам көрүү маанилүү Эч кандай учурда физикалык […]

Сизге жагышы мүмкүн