Эки төраганын алым сабагы

Автор

Өткөн жумада УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соттордун жоопкерчилиги боюнча сүйлөп жатып, “биз пара алган сотторду билебиз. Бирок, далил жок болгондон кийин кармай албайсың”,-деп билдирген эле. Башкы чекистке каяша кечиккен жок. Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков “Соттордун ишинин сапатына Улуттук коопсуздук кызматы жооп бербейт, аларга андай укук берилген эмес”,- деп билдирди.  “Эгер Камчыбек Кыдыршаевич соттордун арасындагы коррупция жөнүндө сөз квлса, анда маселе жок. Ал эми соттордун ишинин сапаты боюнча айтса, анда туура эмес болуп калат. Анткени, Башмыйзамда соттордун ишине түзмө түз кийлигишүү үчүн жоопкерчилик бар деп жазылып турат”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Forbes дүйнөдөгү эң күчтүү аялды атады

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Forbes журналынын версиясы боюнча 2023-жылдагы эң таасирдүү аял деп табылды. Ал бул орунга экинчи жыл катары менен татыктуу болду. Европанын Борбордук банкынын төрагасы Кристин Лагард жана АКШнын вице-президенти Камала Харрис 2-орунду ээледи. Алдыңкы бештикти Италиянын премьер-министри Джорджия Мелони менен америкалык ырчы Тейлор Свифт толуктады. […]

Сизге жагышы мүмкүн