Генерал УКМКнын атайын операциясын колдоорун билдирди

Автор

“Кыргызстандын башмыйзамында криминал, мыйзамдагы ууру же, групировка деген түшүнүктөр жат көрүнүш болуп эсептелет. Андыктан, биздин укук коргоо органдары күрөшүп келген. Камчы Көлбаев мыйзамдагы ууру. Ал анысын таштабай улантып келди. Кечээ УКМКнын кызматкерлери барып, кармайлы дешсе, каршылык көрсөтүптүр. Андыктан, УКМК мыйзамдуу түрдө күч колдонгону туура эле нерсе. Бизде мыйзамдуулуктун үстөмдүгү болушу керек”,- деп билдирди генерал Өмүрбек Суваналиев атайын операция жөнүндө сүйлөп жатып. Ал мындан ары мыйзамдагы ууру деген терс көрүнүштөр болбосун деген тилегин билдирип, “азыр кээ бир мектептерде балдар чоңойгондо “вор болом, смотрящий болом” деп жатышпайбы. Билим берүү министрлиги мектептерде иш алып барышы керек”,- деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстанда ири кылмыштуу топторду кармоо иштери башталды

Казакстанда ири  кылмыштуу топторду  кармоо иштери башталды. Кармоо иштери Улуттук коопсуздук комитети тарабынан Ички иштер министрлиги менен биргеликте жана Башкы прокуратуранын координациясы менен Казакстандын бир катар аймактарында жүргүзүлүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн