Курулуш ишканаларга айып пул салынды

Автор

Бишкектин мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы менен биргеликте төмөндөгү мыйзам бузуулар боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Шаардын айланасындагы рейддин жыйынтыгында 16 курулуш объектилери текшерилип, муниципалдык инспекция тарабынан аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 129 000 миң сомдук 9 протокол түзүлдү:

 

  • «Гарант Девелопмент» ЖЧКсы 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;

 

  • «Браво Билд» ЖЧКсына 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;

 

  • «АЗМ-Строй» ЖЧКсы 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;

 

  • «Квентин» ЖЧКсына 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;

 

  • 114-берене боюнча «Аалам Строй» ЖЧКсына 13 миң сом;

 

  • «Экспо Курулуш Строй Компани» ЖЧКсына 14-берене боюнча 13 миң сом;

 

  • «Голден Констракшн» ЖЧКсынан 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 23 миң сом;

 

  • «Эм Эс Билдинг» ЖЧКсы 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 23 миң сом өлчөмүндө;

 

  • «Семак Констракшн» ЖЧКсы 107-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 5 миң сом өлчөмүндө.
Бөлүшүү:
Next Post

Маданият ишмерлери Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду

Бүгүн, 7-декабрда маданият ишмерлери “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалын утурлай “Ата-Бейиттеги” Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын жана Ч.Айтматов атындагы орус улуттук драма театрынын чыгармачыл жамааты жана бир катар […]

Сизге жагышы мүмкүн