Өкмөттүн эсебинде өнүгүп жатабыз

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бүгүнкү парламент жыйынында маалымат берип жатып, өсүштөр болуп жатканын билдирди. “Маселен: Тоок жумурткасы боюнча 54 пайыз өзүбүздү камсыз кылып, 7 пайызга өсүш бар. Кант 59 пайызга өзүбүздү камсыз кылып, 18 пайызга өсүш бар.

Өсүмдүк майы 20 пайыз өзүбүздү камсыз кылып, 5 пайыз өсүш бар.

Данды 58% өндүрүп, 33 пайыз өсүш болду. Ал эми эт менен калкты 92 пайыз камсыздоодобуз.

Сүт болсо, 118 пайыз өндүрүлүп, 5 пайыз өсүш көрсөттү.

Картөшкөдө 50, жемиштерде 11 пайыз өсүш болду”,-деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Айбек Осмонов өкмөткө протоколдук тапшырма берди

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов  Ош шаар аймагында курулушу 50-60 пайызга бүтүп, токтоп калган жалпы саны 12 балдар бакчалары менен мектептерди быйылкы жылдын эсебинен бүтүрүү маселесин бүгүнкү жыйында көтөрүп, өкмөткө протоколдук тапшырма берди. Андан сырткары Ош шаарынын Транспорт министрлигине караштуу ички жолдоруна каражат бөлүп, оңдоп, түзөөнү тапшырды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн