Гаагада Украинанын Россияга каршы доо арызы боюнча сот башталды

Автор

Гаагадагы Эл аралык сотунда Украинанын Россияга каршы доо арызы боюнча угуулар башталды. Биринчи жыйын бүгүн, 18-сентябрда өтүп, анда Россия Федерациясы тарабынан айтылган алдын ала каршы пикирлерге арналат. Соттук отурум 27-сентябрга чейин уланат.
19-сентябрда украин тарапка сөз берилип, 20-сентябрда сот процессине катышууга уруксат берген башка мамлекеттердин өкүлдөрүнө да сөз берилет. Кирүүчүлөр Австралия, Австрия, Бельгия, Болгария, Германия, Дания, Ирландия, Канада, Люксембург, Нидерланды, Словакия, Финляндия, Хорватия, Чехия, Швеция, Эстония.
2023-жылдын июль айында Гаагада Украинадагы кылмыштарды иликтөө боюнча эл аралык борбор иштей баштаган. Кремль эл аралык трибуналды легитимсиз деп эсептейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский Россияга жер берүүдөн баш тартты

Украинадагы аскердик жаңжал аймактарды өткөрүп берүү менен бүтпөйт. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский “CBS” телеканалына берген маегинде билдирди. “Жок. Бул биздин территориябыз”,-деди. Ал Украина Крымды кайтарууга умтулабы деген суроого жооп берген жок. Зеленский украин армиясынын каршы чабуулу уланарын убада кылды. “Биз алдыга жылышыбыз керек. Бизде текке кетире турган убактыбыз […]

Сизге жагышы мүмкүн