Видео камера боюнча прокуратура териштирет

Автор

Ош облус бийлигинин кызматтан алынган жетекчилери боюнча кызматтык иликтөө жүрөбү деп, “Апта” маалымат агенттиги сураган эле. Кечээ Ош облустук көзөмөл органынан маалым болгондой, экс губернатор Зиядин Жамалдинов, Кара -Суу районунун  мурдагы акими Турусбек Ногоев жана губернатордун орун басары Данияр Жаныкулов боюнча териштирүү иштери жүрө турганы маалым болду. “Алардын иштери тыкыр иликтенип, укуктук баа берилет”, – деп кабарланган.

Облус бийлигинде Данияр Жаныкулов менен Зиядин Жамалдиновдун тиреши мурдатан жүрүп келгени, элге тараган видеону экс губернатордун облус  акимиаттында иштеген тууганы уюштурганы белгилүү болгон. Оштун көзөмөл органы Данияр Жаныкуловго конверт берген Керим Макеев аттуу жаран боюнча сурак жүргүзөбү же, көз жаздымда калтырабы?

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 20-апрелге карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 51 тыйындан  болсо, сатуу  88  сом  29 тыйынга чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 52 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн