Индеецтердин акылман кептери

Автор

Индеецтердин акылман кептери
1. Жакшы адам жакшы жышаандарды гана көрөт.
2. Өзүңдү угуу үчүн унчукпаган күндөр керек.
3. Өлгөн атты минип баратканыңызды байкасаңыз – түшүңүз!
4. Унчукпаган адам көп сүйлөгөндөн эки эсе көптү билет.
5. Мекен – бул өзүңдү жакшы сезген жер.
6. Айтар сөзүң болсо, даана көрүнүү үчүн ордуңдан тур.
7. Дайыма эле душман душман болбойт, дос да дос болбойт.
8. Дүйнөдөгү бардык нерсенин өзүнүн ыры бар.
9. Үйүңдөгү балаң конок болот: тойгуз, үйрөт анан коё бер.
10. Таамай ыргытылган балтадан жакшы айтылган сөз артык.
11. Өлгөн балыктар да агым менен кете алышат.
12. Көздүн жашы болбосо, жандын асан-үсөнү болбойт.
13. Өлүм жок. Дүйнөлөр ортосунда бир гана алмашуу бар.
14. Балдар тамактанып жатканда алар менен сүйлөшүңүз, айтканыңыз сиз кеткенде да кала берет.
15. Бака өзү жашаган көлмөсүнөн ичпейт.
16. Адам жебелерин өзү жасашы керек.
17. Жер бетиндеги бардык нерсенин өз максаты бар, ар бир оорунун дарысы, ар бир адамдын максаты бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро-2024: Роналду Европа чемпионатынын жеңүүчүсүн атады

Бразилиялык атактуу футболчу Роналду “Евро-2024” чемпиону ким болорун божомолдоп айтты. “Барселона”, “Интер”, “Реал Мадрид” жана Бразилиянын футбол боюнча курама командасынын мурдагы чабуулчусу Роналдо 2024-жылкы Европа чемпиондугунун жеңүүчүсү Испания болушү мүмкүн экендигин билдирди. “Мен Испания деп ойлойм”, – деди Роналду Mail Sport Football YouTube каналына. Испания курама командасы В тайпасында болуп, […]

Сизге жагышы мүмкүн