1-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор

1-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө  түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,
Нарын облустунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +27…+32,
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +20…+22, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз спортчулары 6 айда жалпы 248 медаль утту

Кыргыз спортчулары үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча жалпы 248 медаль утту. Бул тууралуу маданият министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдумомунов министрликтин коллегиясында билдирди. Ошондой эле ал 6 айдын аралыгында 78 республикалык спорттук-массалык иш-чара, 1 миң 527 спорттук-массалык иш-чара, 53 окуу-машыгуу жыйындары өткөрүлүп, ата мекендик […]

Сизге жагышы мүмкүн