Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтү узарттылды

Автор

Бишкек шаардык соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтүн 10-июлга чейин узартты.

Бишкектеги Октябрь райондук соту Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен 30-апрелде үй камагына чыгарган. Башкы прокуратура анда “келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда 844 млн. 512 мин 858 сому Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылды»,-деп билдирген.

Белгилей кетсек, Бөлтүрүк жана аны менен чогуу иштеген бир нече адам “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу былтыр сентябрда кармалган.

Бөлүшүү:
Next Post

 Менди Мамазаированын 80 жылдыгына арналган чыгармачылык кече өтөт

Бишкекте 12-июнда Кыргыз Республикасынын эл акыны Менди Мамазаированын 80 жылдык маарекесине арналган “Жазуучу жана театр” аттуу чыгармачылык кече өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрилиги билдирди. Маалыматка ылайык, кече Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында саат 18:30да башталат. Кыргыз эл акыны Менди Мамазаирова 1943-жылы Ош […]

Сизге жагышы мүмкүн