Бүгүн “Манас” эпосунун күнү белгиленет

Автор

Бүгүн, 4-декабрда «Манас» эпосунун күнү белгиленет. Буга байланыштуу иш- чаралар Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында  расмий башталып, андан кийин Жогорку Кеңеште уланып, кечинде А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында айтыш менен жыйынтыкталат.

Бул күн Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу кабыл алынган. Бул күндү белгилөөнүн максаты – Манас эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө манастаанууну өнүктүрүү, манасчыларга өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүү.

Эпос 3 бөлүктөн турат – “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек”, орто эсеп менен жарым миллиондой ыр саптан турат, негизги бөлүгүндө Манас баатырдын эрдиктери камтылган.

Ал эми 2013-жылдын 4-декабрында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын” тизмесине кирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады.   Мамлекет башчысынын куттуктоосу:   “Урматтуу мекендештер!   Бүгүн – элибиздин ондогон кылымдардан бери муундан муунга көчүп, атадан балага айтылып, көкүрөгүндө жат сактап келген улуу “Манас” эпосунун күнү!   “Манас” эпосу – кыргыздын улуттук сыймыгы, ооздон оозго айтылып келген руханий […]

Сизге жагышы мүмкүн