Бүгүн Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтүүдө

Автор

Бүгүн, 10-июнда, өлкөнүн бардык аймактарында социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында жалпы республикалык ишембилик өтүүдө.

Ага мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып жатат.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы республиканын бардык жарандарын айлана-тегеректеги аймактарды тазалоого, үй жанындагы участокторду көрктөндүрүүгө, айланабызга ыңгайлуу шарт түзүүгө активдүү катышып берүүгө чакырык жасаган.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун соту Украинанын Россияга каршы доо арызына 30дан ашык өлкөгө кошулууга уруксат берди

Гаагадагы Эл аралык сот геноцид боюнча конвенция боюнча Украинанын Россияга каршы доо арызына кошулууга 33 өлкөгө уруксат берди. Соттун сайтындагы билдирүүгө ылайык, ишке катышуу үчүн арыздар АКШ, Канада, Франция, Германия, Италия, Польша, Улуу Британия жана башкалар тарабынан берилген. Украина атайын операция башталгандан бир нече күн өткөндөн кийин, 2022-жылдын 27-февралында Гаагадагы […]

Сизге жагышы мүмкүн