Дүйнөдөгү эң популярдуу спортчулардын тизмеси жарыяланды

Автор

Google сурамжылоо жыйынтыктары боюнча быйылкы рейтингде алдыңкы орунда турган планетадагы эң популярдуу спортчулардын жана командалардын тизмесин жарыяланды.
“Эң популярдуу спортчу” категориясында ылайык, биринчи орунду NFL клубунун “Buffalo Bills” оюнчусу – 25 жаштагы Дамар Хамлин ээледи. Анын артында ПСЖнын француз чабуулчусу Килиан Мбаппе турат. Алдыңкы үчтүктү дагы бир NFL оюнчусу Травис Келче толуктады. Эң мыкты бештикке НБАнын Мемфис Гризлиздин оюнчусу Я Морант жана Германиянын Бавария Мюнхендик чабуулчусу Гарри Кейн кирди.
Ал эми 2023-жылдын “эң популярдуу команда” категориясында Лионель Мессинин “Интер Майами” клубуна эч ким тең келген эмес. Күйөрмандар башка командаларга караганда Флоридадан келген командага көбүрөөк кызыгышкан. Бул рейтингде экинчи орунду НБА клубу Лос-Анджелес Лейкерс ээледи. Алдыңкы үчтүккө лидери Криштиану Роналду менен Сауд Арабиянын “Аль-Наср” клубу кирди.

Бөлүшүү:
Next Post

14-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарда жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13; Таласта түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11; Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында […]

Сизге жагышы мүмкүн