Бүгүн  дүйнө чемпионаттында Акжол Махмудов  килемге чыгат

Автор

Бүгүн, 21-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык эки балбан күрөшөт.

77 кг салмакта Акжол Махмудов килем үстүнө чыгат. Ал 1/16 финалдагы алгачкы кармашында норвегиялык балбан Пьер Куре менен кез келет.

Ошондой эле 82 кг салмакта Бексултан Назарбаев күрөшөт. Ал бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Ауэс Гонибов менен күч сынашат.

Сербиядагы дүйнө чемпионаты 16-сентябрда башталган, ал 24-сентябрда жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте  ШКУнун алгачкы антитеррордук машыгуусу өтүүдө

Бишкекте КР УКМК тарабынан Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) биргелешкен алгачкы “Евразия-Антитерро – 2023” антитеррордук машыгуусу өткөрүлүүдө. Машыгуу  Бишкекте өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү боюнча I конференциясынын алкагында өтүп жатат. Машыгуулар кээ бир машыгуу тапшырмаларын бир убакта аткаруу, бир ой-максатка жана […]

Сизге жагышы мүмкүн