Бишкекте  ШКУнун алгачкы антитеррордук машыгуусу өтүүдө

Автор

Бишкекте КР УКМК тарабынан Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) биргелешкен алгачкы “Евразия-Антитерро – 2023” антитеррордук машыгуусу өткөрүлүүдө.

Машыгуу  Бишкекте өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү боюнча I конференциясынын алкагында өтүп жатат.

Машыгуулар кээ бир машыгуу тапшырмаларын бир убакта аткаруу, бир ой-максатка жана жагдайга, ошондой эле аларды өткөрүү орду жана убактысы дал келген эки эл аралык уюмдун өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

 

“Евразия-Антитерро – 2023” антитеррордук машыгуусуна КМШга мүчө 11 мамлекеттин жана ШКУга мүчө мамлекеттердин – Армениянын, Беларустун, Индиянын, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Кыргызстандын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын компетенттүү органдары катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдөгү эң кымбат футболчулар кимдер?

CIES Football Observatory уюмунун рейтингине ылайык, норвегиялык Эрлинг Холанд дүйнөдөгү эң кымбат футболчу деп табылды. «Манчестер Сити» футбол клубунун чабуулчусу дүйнөдө 200 млн евродон ашкан жалгыз футболчуга айланды. Ал эми «Реалдын» футболчусу Винисиус Жуниордун баасы 196,3 млн евро.   Жалпылап айтканда, баасы 100 млн евродон ашкан 20 футболчу бар. Алардын […]

Сизге жагышы мүмкүн