Бүгүн Бишкекте кышкы туристтик сезон ачылат

Автор

Бүгүн,14-декабрда «Бишкек Арена» шаардык муз тебүүчү аянтчасында Кыргызстанда 2023-2024-жылдарга кышкы туристтик сезондун расмий ачылыш аземи болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарада коньки тебүү, муз акробатикасы, хоккей чеберчилигин көрсөтүү, популярдуу ырчы-бийчилердин катышуусунда концерттик программа менен коштолуп, катышуучулар арасында өнөктөштөрдүн ар кандай байгелүү сынактары уюштурулат.
Иш-чараны Туризм департаменти Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда, спорт жана оюн-зоок мекемелеринин колдоосунда «Шаардык муз тебүүчү аянтча» комплекси жана башка уюмдар менен биргеликте уюштурууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы V Эл аралык Исык-Көл форуму өттү

Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата жазуучунун атындагы V Эл аралык Ысык-Көл форуму өттү. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти. Маалымаптка ылайык, иш-чарага 500дөн ашык адам катышты. Форумдун негизги темалары түрк дүйнөсүнө тиешелүү биргелешкен долбоорлор жана сунуштар, ошондой эле түрк мамлекеттеринин 2040-жылга чейинки келечектеги максаттары болду. Иш-чарага ТР […]

Сизге жагышы мүмкүн