Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы V Эл аралык Исык-Көл форуму өттү

Автор

Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата жазуучунун атындагы V Эл аралык Ысык-Көл форуму өттү. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалымаптка ылайык, иш-чарага 500дөн ашык адам катышты. Форумдун негизги темалары түрк дүйнөсүнө тиешелүү биргелешкен долбоорлор жана сунуштар, ошондой эле түрк мамлекеттеринин 2040-жылга чейинки келечектеги максаттары болду.
Иш-чарага ТР Маданият жана туризм министринин орун басары Н.Алпарслан, ТР Айлана-чөйрө, урбанизация жана климаттын өзгөрүшү министринин орун басары Р.Тузчуоглу, ТР Улуттук билим берүү министринин орун басары Н.Йылмаз, ТР Саламаттык сактоо министринин орун басары Ш.Биринжи, Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев, түрк саясатчы жана Түркиянын президенттигине экс-талапкер С.Оган, Анкара коомдук илимдер университетинин ректору профессор М.К.Арыжан, Түркия парламентинин депутаттары, министрлик жана ведомстволорунун, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес чөйрөсүнүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана Түркияда жашаган мекендештер катышты.

Форумдун ачылыш аземи КР президенти Садыр Жапаровдун видеокайрылуусу менен башталды. Президент Форумдун катышуучуларына жана уюштуруучуларына кайрылып, иш-чараны түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгында өткөрүлүп жаткандыгынын символикалуулугун белгиледи. Ал ошондой эле Ч.Айтматов тынчтыктын жана элдердин достугунун элчиси экендигин, өз мезгилинде дүйнөдөгү интеллектуалдардын башын кошкон Ысык-Көл форуму бүгүнкү күндө дагы дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам өз актуалдуулугун жоготпогонун белгиледи.
Элчи Казакбаев ачылыш сөзүндө катышуучуларды түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдык мааракеси менен куттуктап, жазуучунун мааракеси Кыргызстан жана Түркияда гана эмес, башка өлкөлөрдө да кеңири белгиленип жатканын белгиледи. Ошондой эле элчи иш-чаранын уюштуруучуларына кыргыз улутун жана анын өзгөчөлүктөрүн бүткүл дүйнөгө тааныткан Ч.Айтматовдун маданий мурасын сактоо, изилдөө жана жайылтуу идеяларын жайылтууга жана колдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Форумдун соңунда КР президенти С.Жапаровго “5-Эл аралык Ысык-Көл форумунун ардактуу төрагасы” наамын ыйгаруу чечими жарыяланды.
Белгилей кетсек, форумдун экинчи этабы 2024-жылдын 8-10-июнунда Азербайжандын Баку шаарында өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Дубайда COP28 экологиялык форуму аяктады

Дубайда климаттын өзгөрүшү боюнча эки жумалык COP28 форуму аяктады. Иш-чарага дүйнөлүк лидерлер жана эксперттер чогулду. Алар глобалдык климаттык кризис менен күрөшүүнүн жолдорун талкуулашты. Форумга 150 өлкөнүн делегациялары чогулуп, ЭКСПО 2020 көргөзмө аянтынын сыйымдуулугу 45 миң чарчы метрди жана 200 стендди түздү. Негизги маселелер климаттын өзгөрүшү боюнча жаңы глобалдык максатты белгилөө, […]

Сизге жагышы мүмкүн