Кыргызстанда балык уулоочу торлорго тыюу салынды

Автор

“Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу тутумдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды.

Ага ылайык, синтетикалык нейлондон же башка полиамиддик моножиптерден машинада же колго жасалган, жиптин диаметри 0,5 ммден кем жана торчолордун өлчөмдөрү 100 мм кем болгон даяр түйүндүү балык уулоо торлорун (торчонун конструктивдүү кадамымын өлчөмү 50 мм кем) (код ТЭИТН коду 5608 11 800 0), диаметри 0,5 ммден кем жана торчосунун өлчөмдөрү 100 мм кем башка синтетикалык моножиптерден машина менен же колго жасалган даяр түйүндүү балык уулоо торлорун (торчонун конструктивдүү кадамымын өлчөмү 55 мм кем) (ТЭИТН коду 5608 11 800 0), электр тогу аркылуу суу биологиялык ресурстарын алуу (кармоо) функцияларын биргелешип аткарган, туташтырылган өткөргүчтөрү жана аккумулятору (батареялары) бар электр сигнал генераторлорунан турган электрлештирүүчү системаларды жана түзүлүштөрдү (ТЭИТН коду 8543 20 000 0) синтетикалык торлорду Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө тыюу салынат.

 

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

XXI кылымдын мыкты футболчулары аталды

XXI кылымдын мыкты футболчулары аталды”Интер Майами” клубунун жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси британиялык “FourFourTwo”  журналынын версиясы боюнча 21-кылымдын мыкты футболчуларынын рейтингинде биринчи орунга чыкты. Экинчи сапта “Аль-Наср” клубунун  жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду турат. Үчүнчү орунду испаниялык жарым коргоочу Андрес Иньеста ээледи. Жалпысынан рейтингге 100 футболчу […]

Сизге жагышы мүмкүн