Бүгүн  абитуриенттерге республикалык тестирлөө башталат

Автор

Бүгүн, 20-майда жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттерге жалпы республикалык тестирлөө башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Тест төмөндөгү график менен өтөт:

I этап: 2023-жылдын 20, 21-майында (19-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

II этап: 2023-жылдын 23, 24-майында (22-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

III этап: 2023-жылдын 23, 24-июнунда – жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө (22-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 3-мартынан 7-апрелине чейин жүргүзүлгөн каттоого жалпы 47 миң 383 абитуриент катталган. Андан кыргыз тилинде тапшыра тургандар – 28 миң 120, орус тилин тандагандар – 19 миң 263.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Россия, Кыргызстан жана Армениянын 70 компаниясына экспортко чектөө киргизди

АКШ Россияга жаңы экспорттук чектөөлөрдү киргизди. АКШнын Соода министрлигинин материалдарына ылайык, Россия Федерациясы менен байланышы бар делген Армения жана Кыргызстандын компаниялары чектөөгө кабылышты. Алардын катарында Прима ишканасы, Ижевск учкучсуз системалары, Улан-Удэ авиациялык заводу, Брянск автомобиль заводу, Урал жана башка бир катар ишканаларга таасирин тийгизет. Россия Федерациясына жана Белоруссияга АКШдан экспорттоого […]

Сизге жагышы мүмкүн