Бюджеттик мекемелер 46 млрд сомду максатсыз колдонгон

Автор

Каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу 30 кылмыш иши козголуп, учурда тергелип жатканын Эсеп палатасы билдирди. 2022-жылы бюджеттик мекемелер 46 млрд 101,7 млн сомду туура эмес жумшаган.

Маалыматта айтылгандай, 1 666 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөр текшерүүгө алынып, 404 каржылык тартип бузуулар аныкталган. Мындан улам 15 млрд 544,3 млн сом казынага кайтарылууга тийиш дейт Эсеп палатасы. Учурда анын 7 млрд 174,8 млн сому кайтарылды.

Эсеп палатасы тарабынан укук коргоо органдарына 14,9 млрд сом, 84 миң доллар жана 927,5 миң евро өлчөмүндө аудиттин 89 материалы жөнөтүлүп, 30 кылмыш иш козголду.

Бөлүшүү:
Next Post

Канадада өрт: Жалпы аянты тактала элек

Канаданын борбору Оттаванын асманын түтүн каптады. Өрт шаардын батыш тарабында болгону 150 чакырым алыстыкта ​​уланууда. Квебекте да абал ушундай. Канаданын Улуттук аба ырайы бюросунун маалыматы боюнча, учурда абанын булганышынын деңгээли 10 баллдык шкала боюнча беш баллга бааланат. Шейшембиге караган түнү жети баллга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Канаданын өзгөчө кырдаалдар министри Уильям […]

Сизге жагышы мүмкүн