Быйыл «Кумтөр» бюджетке 25 млрд сом төлөдү

Автор

Үстүбуздөгү жылдын он бир айында “Кумтөр” 25 млрд 35 млн сом которду. Бул тууралуу маалымат жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, салыктык чегерүү 11 млрд 853 млн сомду түздү. Дагы 15 млрд 109 млн сом Ысык-Көл жана Нарын облустарын өнүктүрүү фонддоруна, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгагандыгы жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөмдөргө чегерилген.
“Кумтөр” “Кыргызалтын” ААКга да дивиденддерди төлөп берди. Алар 9 млрд 652 млн сомду түздү”, – деди Алмаз Бакетаев.

Бөлүшүү:
Next Post

Тууну өзгөртүү долбооруна кайсы депутат кандай добуш берди? Тизме

Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда карап, кабыл алды. Мыйзам долбоору добуш берүүгө коюлуп, экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат колдоп, беш депутат каршы чыкты. Мамлекеттик […]

Сизге жагышы мүмкүн