Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев чын дүйнө салды

Автор

Белгилүү саясий жана коомдук ишмер, профессор Топчубек Тургуналиев 82 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал көптөн бери ооруп жүргөн. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-ноябрда Аксы районунда өтөт.

Тургуналиев Топчубек Тургуналиевич 1941-жылы 5-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Тегирмен-Сай айлында туулган.

Белгилей  кетсек, Тургуналиев 1990-жылдардагы коомдук-саясий окуяларга активдүү катышып, ошол кездеги Кыргызстан демократиялык кыймылын (КДК) уюштуруучулардын бири, тең төрагасы болгон. “Эркиндик” партиясын жетектеген.

2019- 2021- жылы “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясына төрага болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Дмитрий Биволдун атаандашы аталды

Орусиялык мушкер Дмитрий Бивол 23-декабрда Эр-Риядда (Сауд Арабиясы) WBA жеңил салмактагы чемпиондук курун коргоо үчүн британиялык спортчу  Линдон Артур менен беттешет. Буга чейин 32 жаштагы Бивол Ричард Ривера менен жолугат деп пландалган. Эске салсак, 2022-жылдын ноябрында өткөн акыркы беттешинде Бивол супер орто салмакта (76,2 кг чейин) мурдагы дүйнөнүн чемпиону мексикалык […]

Сизге жагышы мүмкүн