Быйыл дан эгиндеринин түшүмү төмөндөдү

Автор

Быйыл кургакчылык жана ысык аба ырайынан улам  кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы 2% төмөндөдү.  Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Кыргызстанда 23-августка карата (буурчак, күрүч жана гречканы кошпогондо) 394,8 миң гектар аянттан дан эгиндери жыйналды. Түшүм былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2%га азайган.

Эгинди ооруп-жыюунун азайышы дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн дээрлик 32%га төмөндөшүнө байланыштуу.

Өлкө боюнча дан эгиндеринин орулган аянты жалпысынан орулуучу аянттын 68%га жакынын түздү. Анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында – 81%, Баткен – 73% жана Ош облусу – 70%ды түздү.

Бөлүшүү:
Next Post

Президентке импичментти утурлай иликтөө башталды

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын комитеттери президент Жо Байденге импичмент жарыялоо боюнча добуш берүүнүн ыктымалдуулугунун  алдында расмий иликтөө башташты. Бул чечим АКШ президентине каршы коррупция боюнча айыптоолорго байланыштуу.  АКШ Конгрессинин төмөнкү палатасынын спикери Кевин Маккартинин айтымында, акыркы бир нече айдын ичинде АКШ парламентиндеги республикачылар бул жаатта олуттуу жана ынанымдуу далилдерди аныкташкан. […]

Сизге жагышы мүмкүн