Бишкекте “акылдуу” жол чырактар иштей баштады

Автор

Бишкектин Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде “акылдуу” жол чырак орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “акылдуу” жол чырактардын өзгөчөлүгү – автомобилдердин агымын автоматтык түрдө эсептейт жана жөнгө салат, электр энергиясы өчкөн учурда иштөө мөөнөтү 4-5 саатка чейин жетет, энергиялык натыйжалуулугу жогору (сутканын убактысына жараша жарыктык деңгээлин автоматтык түрдө жөнгө салынат).
Белгилей кетсек, “акылдуу” жол чырактар буга чейин үч көчөдө – Токомбаев, Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө орнотулган.
Биринчи этапта борбор калаанын 21 кесилишине, андан кийин 100 кесилишке датчиктер орнотулат. Жалпысынан системаны шаар боюнча ишке ашыруу пландаштырылууда – 350гө жакын кесилиштер, аларда унаалардын агымын эсептей турган тиешелүү датчиктер орнотулат.
Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системаларын (“акылдуу” жол чырактар) ишке киргизүү тыгындарды азайтып, жол жүрүү убактысын кыскартып, айдоочуларга жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Ден соолук тууралуу кызыктуу маалыматтар

Адам көргөн түштөрүнүн 90 пайызын унутуп калат. Күз менен салыштырганда жазында дем алуунун тездиги үчтөн бир эсе көбүрөөк болот. Адамдын денесиндеги жылуулуктун 80 пайызы баштан чыгат. 4 жаштагы бала күнүнө орточо эсеп менен 450 суроо берет. Дене салмагынын 1 пайызына тең суу жоготкондо адам суусай баштайт. Бул көрсөткүч 5 пайыздан […]

Сизге жагышы мүмкүн