Жапаров иш сапары менен БАЭге жөнөп кетти (Коштоп кеткендер)

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) жөнөп кетти.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

 

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев;

— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;

— энергетика министри Таалайбек Ибраев;

— финансы министри Алмаз Бакетаев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.

Бөлүшүү:
Next Post

“Дордойдун” соодагерлери митингге чыгышты

Бишкектеги “Дордой” базарынын айрым соодагерлери салык саясатына каршы нааразылык акцияга чыгышты. Соодагерлер салык режими ишкерлердин түйшүгүн көбөйткөнүн, айрыкча тигүү тармагында жүргөндөрдүн ишинин тартибинде көп түшүнбөстүктөр көп экенин айтып жатышат. Алардын башка талабы  патент системасын калтырууну суранышууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн