24-июлга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 24-июлда түнкүсүн өлкөнүн аймактарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө  түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,

Талас облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+38,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +23…+28, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,

Нарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 21…23, күндүзгү жогорку температурасы 36…38 градус болот.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Валюталар курсу: АКШ доллары канча турат?

2023-жылдын 24-июлуна карата Кыргызстандын банктарында доллардын курсу 87,2-87,75 сомду (сатып алуу) жана 87,92-88,3 сомду (сатуу) түзүүдө. Евро 97,1-97,7 сомдон (сатып алуу), 98,1-98,7 сомдон (сатуу) сатылууда. Рублдин баасы: сатып алуу – 0,94-0,96 сом, сатуу – 0,98-1 сом. Теңге 0,1-0,138 сомдон (сатып алуу), 0,199-0,22 сомдон (сатуу) сатылууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн