БУУ Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү шарттары байкалбай жатат. Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын өкүлү Фархан Хак АКШнын президенти Жо Байдендин Киевге аскердик жардам көрсөтүү боюнча мыйзамга кол койгону боюнча комментарийинде билдирди.
Ал азыркы этапта БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү шарттарын жагымсыз деп эсептегенин кошумчалады.
Бей Апр 25 , 2024
Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 25-апрелдеги жыйынында айрым министрлерге сөгүш жарыялап, кээ бир жетекчилерди кызматтан бошотуу чечимин кабыл алганын билдирди. Алар кызматтык вазыйпаларын жетиштүү деңгээлде аткарбаганы себеп болгон. Белгилүү болгондой, -ТИМ министри Жээнбек Кулубаевге, – Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Имановго, – Президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык […]