Айрым чиновниктер кызматтан бошотулса, кээ бирине сөгүш жарыяланды

Автор

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 25-апрелдеги жыйынында айрым министрлерге сөгүш жарыялап, кээ бир жетекчилерди кызматтан бошотуу чечимин кабыл алганын билдирди. Алар кызматтык вазыйпаларын жетиштүү деңгээлде аткарбаганы себеп болгон.
Белгилүү болгондой, -ТИМ министри Жээнбек Кулубаевге,
– Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Имановго,
– Президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуевге “эскертүү” берилди. Ал эми
– Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаевага,
– Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевге,
– Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовго,
– Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Б. Жумалиевге,
– Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаевага,
– Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары А. Раимкуловага,
– Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев баштаган чиновниктерге “сөгүш” жарыяланды.
Кызматынан төмөндөкү чоңдор бошотулушту.
– Чүй облусунун Кемин районунун акими Алайбек Жумаев,
– Баткен районунун акими У.И. Жоробаев,
– Кемин районунун акиминин 1-орун басары А. Мурсалиев
– Лейлек районунун акиминин 1-орун басары А. Ташбалтаев,
– Жети-Өгүз районунун акиминин 1-орун басары А. Дүйшембиев,
– Кемин районунун акиминин орун басары К. Жетенбаев,
– Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Б. Алиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн футзалчылар Вьетнам курамасы менен беттешет

Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы Таиландда өтүп жаткан Азия кубогунда 5-орун үчүн оюн өткөрөт. Жеңүүчү аталган команда дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алат. Бул турнирде чейрек финалда утулуп калган Кыргызстан, Ооганстан, Ирак жана Вьетнамдын командалары беттешет. Кыргызстан курама командасы чейрек финалда Өзбекстанга утулуп калган Вьетнамдын курама командасы менен ойнойт. Кыргызстандык команда чейрек […]

Сизге жагышы мүмкүн