БУУ: Газа тилкесиндеги бардык университеттер талкаланды

Автор

Газа тилкесинде бардык университеттер жана мектептердин көбү талкаланган. Бул тууралуу БУУнун Палестина аймактарындагы гуманитардык иштерди координациялоо боюнча башкармалыгынын башчысы Андреа Де Доменико билдирди.
“Мектептердин басымдуу көпчүлүгү талкаланып, Газада бир дагы университет калган жок. Окуучуларды мектепке кайтаруу үчүн көп жылдар керек болот”,-деди Андреа Де Доменико.
БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси Газа тилкесиндеги бардык аймактар ​​бомбаланганын билдирген. 1,7 миллионго жакын адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп, коркунуч астында жашап жатышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Тел-Авивдин Тегерандан коргонуу чыгымы 1.5 млрд

Ирандын Израилге жасаган чабуулунун чыгымы 52 млн доллар болду. Ал эми Израилдин коргонууга кеткен чыгымы 1.5 млрд долларды чапчыган. Израил коргонуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн 1 жылдык каражаттын 10 пайызын асмандагы ракеталарды жок кылуу үчүн жумшаган. Иран Израилди бир даанасы 20 миң доллар болгон “Шахид 131-136” дрондору, “Кыям”, “Зулфикар”, “Шахид” ракеталары […]

Сизге жагышы мүмкүн