Будапештте манасчы Саякбай Каралаевдин айкели орнотулду

Автор

Венгриянын борбору Будапешт шаарында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкели орнотулду. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мажар айкелчиси улуу манасчынын жандүйнөсүн бере алган, айкелде Саякбай атабыздын бүткүл улуулугу камтылган.

«Анда Саякбай Каралаевге канатташ улуу Абайдын эстелиги турат. Аземге катышып, жалындуу сүйлөгөн мамлекеттик катчыбыз Сүйүнбек Касмамбетовдун сөзүн мажарлар котормосуз эле жүрөктөрү менен туюп, түшүнүп турду…», — деп жазды.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалал-Абадда “Барселонанын” футбол академиясы ачылды 

Президент Садыр Жапаров  Жалал-Абад шаарындагы “Барселона” футбол академиясын ачты. Расмий аземге испаниялык “Барселона” футбол клубунун президенти Жоан Лапорта жана бул клубдун өкүлдөрү да катышты. Мамлекет башчысынын сөзү: “Футбол – бул миллиондогон адамдардын жүрөгүн толкутуп, кайталангыс эмоцияларды тартуулаган кызыктуу оюн. Мына ошондуктан дүйнө жүзүндө номер биринчи спорт болуп эсептелет. Дүйнө жүзү […]

Сизге жагышы мүмкүн