Буздурулган “Арзуу” кафесинин ордуна эмне курулат?

Автор

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы «Arzu» жана «Time Out» кафелерин буздурушту.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ал жерге эч кандай имарат салынбайт, мурда болгон «Спартак» стадионунун кичи аренасы калыбына келтирилет. Бошотулган аймакта жашыл бак-дарактарды реабилитациялоо жүргүзүлөт.
«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан чакан аренанын эскиздик долбоору иштелип чыкты. Долбоордо спорт залдары, судьялык жайлар, чечинүүчү жайлар жана машыктыруучулар зонасы, административдик жана башка жайлар каралган.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Олимпиада шаарчасы ачылды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон символикалык түрдө Париж шаарынын жанындагы Олимпиада кыштагын ачты. Анын курулушуна дээрлик эки миллиард евро сарпталган. Комплекс 82 имараттан турат. Олимпиадалык шаарча 14,5 миңдей спортчуну жана эки жүздөн ашык улуттук делегациянын өкүлдөрүн кабыл ала алат. Ал эми кинотеатрдын залында күнүнө 40 миң порцияны тейлеген ашкана күнү-түнү иштейт. […]

Сизге жагышы мүмкүн