Бразилияда Пеле мавзолейи ачылды

Автор

Бразилиянын Сантос шаарында футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пеленин мавзолейи ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, атактуу спортчунун сөөгү дүйнөнүн эң бийик жеринде жайгашкан “Экуменика” көрүстөнүнө коюлган. Ал эми мавзолейде футболчунун реалдуу өлчөмдөгү айкелдери бар. Күмбөздүн полу жасалма чөп менен жабылган.  Ага  каалаган адам келе алат, бирок алдын ала катталуу керек.

Пеле  – тарыхта оюнчу катары үч жолу Дүйнө чемпиондугун жеңген жалгыз футболчу. Пеле Гиннесстин рекорддор китебине кирген – ал профессионалдык карьерасында эң көп гол киргизген – 1281.

Пеле 2022-жылы 29-декабрда 82 жашында каза болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент боксчу Мунарбек Сейитбек уулуну куттуктады

Президент Садыр Жапаров Ташкентте өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатында коло уткан кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады. “Бул жолу Мунарбек Сейитбек уулун кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан коло медаль жеңип алышы менен куттуктайм! Бул Кыргызстандын жаңы тарыхында бокс боюнча дүйнө чемпионатындагы биринчи байгелүү орун. Мушкерибиз көпчүлүккө Союз маалында атагы алыска кеткен […]

Сизге жагышы мүмкүн