Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрликтери Иран менен Израилди тынчтыкка чакырды

Автор

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрликтери Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди.
Дипломатиялык мекемелер чыр-чатактын катышуучуларын мындан аркы аскерий аракеттерден баш тартууга жана бардык пикир келишпестиктерди дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды. “Биз бул аймактагы чыңалуунун мындан ары дагы күчөшү оор кесепеттерге жана кеңири аскердик тирешүүгө алып келиши мүмкүн деп эсептейбиз”,-деп белгиленет Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
«Казакстан аймактагы кырдаалды турукташтырууга жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракетин бекем колдой турганын баса белгилейт»,-деп айтылат Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
«Кыргыз Республикасы тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы бир жолу чакырат»,-деп баса белгиледи Кыргызстандын дипломатиялык кызматы.

Бөлүшүү:
Next Post

Ишкерлерди текшерүү токтотулду

“Быйыл 18 млрд 109 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталган. Анын 16 млрд 913 млн сому өндүрүлдү. Анын ичинен 4 млрд 558 млн сому накталай, 12 млрд 364 млн сому натуралдык түрдө өндүрүлгөн, буга курулуштар, имараттар, ишканалар кирет”,- деди башкы прокурор парламентте отчет берип жатып. Ал эми ишкерлерди текшерүү боюнча тийешелүү […]

Сизге жагышы мүмкүн