Бишкек электр тармактар ишканасынын  директору алмашты

Автор

Бишкек электр тармактар ишканасынын директору болуп Азамат Паизов дайындалды.

Ишкананын басма сөз кызматынан билдиришкендей, “Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков Азамат Паизовду ишкананын жамаатына менен тааныштырып, анын энергетика тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын өзгөчө белгиледи.

Ал эми Азамат Паизов ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, ишкананын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга болгон күч-аракетин жумшарын белгиледи.

Азамат Паизов буга чейин Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору кызматын аркалаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров өлкөнүн куткаруучуларын кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн куткаруучуларын кесиптик майрамы – Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.   Мамлекет башчысынын куттуктоосу:   «Урматтуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери!   Урматтуу куткаруучулар!   Куткаруу кызматынын кадырлуу ардагерлери!   Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!   Куткаруу кызматы ар дайым кооптуу жагдайларга, кыйчалыш кырдаалдарга […]

Сизге жагышы мүмкүн