Бүгүн “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам талкууланат

Автор

Бүгүн, 4-декабрда “Билимдүү Кыргызстан” улуттук демилгеси өлкөбүздүн билим берүү тармагындагы реформалар боюнча жолугушуу өткөрөт.

Анда 2023-жылдын 11-августунда президент кол койгон “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамы талкууланат. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, эмгек сиңирген мугалимдер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышып, сөз сүйлөшөт.

Эскерте кетсек, аталган жаңы мыйзам билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, мугалимдердин статусун жана билим берүү уюмдарынын өз алдынчалыгын камсыздоого, ваучердик каржылоо механизмин киргизүү аркылуу билим берүүнү каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Жолугушуу кечки саат 19:00 дө Манас проспектиси 16 дарегинде жайгашкан “Новотель” мейманканасында өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Герань гүлүнө кантип кам көрүү керек?

Герань гүлү (пеларгония) сыртта жана үйдө өсүүчү өсүмдүк. Ал көпкө чейин соолубаган же түшпөй турган көп түстүү сфералык гүлдөрү менен көңүл бурат. Сабактардагы оюлган жалбырактары түстүү тоголок бүчүрлөр ажарлуу  фон түзөт. Үйдө герань өстүрүү абдан жөнөкөй Герань гүлү кереметтүү гүлдөш үчүн, ал орточо түшүмдүүлүк  топуракта өсүшү керек. Абдан аш болумдуу […]

Сизге жагышы мүмкүн