Лионель Мессинин “Барселона” клубуна кайтып келери айтылды

Автор

“Барселона” футболдук клубунун президенти Жоан Лапорта күйөрмандар менен баарлашуу учурунда франциялык “Пари Сен-Жермендин” чабуулчусу Лионель Месси мурдагы клубунун лагерине кайтып келерин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жар салды.

Жекшембиде “Барселона” конокто “Хетафе” менен кез келди (0:0). Оюндун алдында клубдун машыктыруучусу  Лапорта сүрөткө түшүп, күйөрмандар менен баарлашкан. Күйөрмандардын бири Мессинин командага кайтып келер-келбесин сурашкан.

Эске салсак, Месси 2021-жылдын 30-июнунда “Барселона” менен келишим аяктаганына байланыштуу эркин агент статусун алган. Андан кийин ал ПСЖ менен келишим түзгөн.

Месси Барселонанын жаштар командасына 13 жашында кошулган. Испаниялык клубдун курамында Лионель бардык мелдештерде 778 матчка катышып, 672 гол киргизип, 305 пас берген.

Аргентиналык “Барселона” клубу  менен бирге он жолу Испания чемпиондугун жана төрт жолу Чемпиондор Лигасын уткан.

Мессинин колунда жети “Алтын топ” бар, анын алтоосун Испания курамасынын оюнчусу катары алган. 2021-жылы Лионель бир клуб үчүн эң көп гол киргизүү боюнча Пеленин рекордун жаңылаган

Бөлүшүү:
Next Post

SpaceX жана Alibaba жетекчилери Ашхабадга келери айтылды

Рекорддук сандагы делегаттар катышаары айтылган, 2023-жылы 3-4-майда Ашхабадда өтө турган “Эл аралык транспорт жана транзиттик коридорлор: байланыш жана өнүгүү – 2023” (ITTC-2023) экинчи эл аралык конференциясына жана көргөзмөсүнө SpaceXден Илон Маск, Alibabaдан Жек Ма катталды. Конференциянын максаты – пандемиядан кийинки калыбына келтирүү жана эл аралык ташуулар чөйрөсүндөгү жаңы реалдуулуктарга адаптациялоо […]

Сизге жагышы мүмкүн