Мектептерде наркотикалык конфеттер сатылганы айтылды

Автор

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин  жалпы жыйынында депутат Марлен Маматалиев «Принцесса дури» наркотикалык конфеттер сатылганы боюнча айтты.

«Кечээ «Принцесса дури»  деп ызы-чуу чыкты. Бул бери жагы эле. Атайын мектептерде наркотикалык конфеттер сатылат экен. Клейлер сатылат экен. 8-марта балдар кыздарга электрондук тамеки белек кылышыптыр. Ушундай көрүнүштөр мектептерде көп учурап жатат. Ушуну өзүнчө карап койсок»— деди депутат.

Ал бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү комитет бул маселени терең карап чыгышын суранды.

Бөлүшүү:
Next Post

Билимдүү болом десең бизге кел!

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси 6-класстардын окуучуларын лицейге кабыл алуу экзамендери башталганы тууралуу маалымдайт. Кабыл алуу экзамени тест түрүндө болот. 2-23-апрелге чейин Кыргызстандын көпчүлүк мектептеринде 6-класстардын окуучуларына кабыл алуу экзамени жүргүзүлөт. Биздин мугалимдер белгиленген график боюнча мектептерде тест жүргүзүшөт. Бардык суроолор боюнча өзүңүздүн регионуңузда жайгашкан лицейлерге кайрылсаңыздар болот. Бардык […]

Сизге жагышы мүмкүн