Коомдук транспортко өзүнчө тилкелерди бөлүү пландалууда

Автор

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди бөлүүнү пландоодо.  Бул тууралуу журналисттерге вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов билдирди.
Анын айтымында, биринчи этапта Түштүк магистраль менен Байтик баатырды бойлото тилкелер пайда болот.  Өзүнчө тилкелерди түзүүнүн экинчи этабын Чүй жана Жибек-Жолу проспектилеринде баштоо пландалууда.
Сентябрдан баштап бул тилкелерге жеке автоунаалар кире албайт. Автобустар, кичи автобустар, троллейбустар ыңгайлуу жана тыгынсыз жүрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинанын карызы рекорддук деңгээлге жетти

Украинанын Каржы министрлиги дүйшөмбү күнү өлкөнүн мамлекеттик карызы бир айда 4 миллиард долларга өсүп, жалпы сумма 133 миллиард долларга жеткенин билдирди. 31-июлга карата Украинанын мамлекеттик карызы 4860,59 миллиард грнди түздү, бул 132,92 миллиард долларга туура келет. Өлкөнүн тышкы карызы 90,77 миллиард долларды түзөт. Бул жалпы көлөмдүн 68 пайызынан ашыгы, ал […]

Сизге жагышы мүмкүн