Бишкекте шахмат боюнча мелдеш өтөт

Автор

Бишкектин Биринчи май районунда балдар жана чоңдор арасында шахмат боюнча мелдеш өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш 23-сентябрда саат 10:00дө Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде “Шахмат аллеясында” өтмөкчү.

Турнир Швейцария системасы боюнча ФИДЕ эрежеси боюнча 7 раундда өтүп, биринчиден баштап убакытты көзөмөлдөө 10 мүнөт+5 секунд болот.

Жеңүүчүлөр топтолгон упайлардын саны боюнча аныкталат, бирдей болгон учурда эң начар натыйжасыз кыскартылган коэффициент жана жалпы Бухгольц коэффициенти, кара түстөгү оюндардын саны эске алынат.

Бишкек мэриясы орундар чектелүү экендигин белгилеп, 6 жаштан 17 жашка чейинки 16 катышуучуга, 18 жаштан жогору 18 катышуучуга гана уруксат берилерин эскертет.

Белгиленгендей, билдирмелерди турнирдин башкы катчысы Толкунбек Асанбековго саат 9:00дөн 18:00гө чейин 0702 493 993, 0990 312 345 телефондору аркылуу тапшыруу керек.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоого даярданууда

АКШнын президенти Жо Байден БУУнун Коопсуздук кеңешинин структурасын өзгөртүүнү сунуштайт. Ал беш-алты өлкөнү кошууну каалайт. Бул тууралуу Ак сарайдын стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби билдирди. “Биз Коопсуздук кеңешинин түзүмү маселесин көтөрүүгө убакыт келди деп эсептей турганыбызды ачык айттык”,-деди Кирби. Бул сунуш БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында жарыяланышы пландалууда. Байден БУУнун […]

Сизге жагышы мүмкүн