Чемпиондор Лигасынын финалы кайрадан Стамбулда болбой калышы  мүмкүн

Автор

УЕФА Чемпиондор Лигасынын 2022/23-жылкы финалын Стамбулдан башка өлкөгө көчүрүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, уюмду мындай чечимге түрткү болушу Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөндөн кийин боло турган нааразычылыктар экендиги айтылууда.

Стамбул буга чейин эки жолу футбол боюнча Европанын негизги кубогунун финалын өткөрүү укугунан ажыратылган. 2020-жылы матчка коронавирустук пандемия тоскоол болгон жана бир жылдан кийин дагы болбой калган.

Эске салсак, Чемпиондор Лигасынын биринчи жарым финалында “Реал” менен “Манчестер Сити” 1:1 эсебинде тең чыгып, Милан “Интерге” 0:2 эсебинде утулуп калган. Жооптук беттештер 16 жана 17-майда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Кытайга мамлекеттик сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 18-20-майда Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы сапардын алкагында «Кытай-Борбор Азия» саммитинин ишине катышат. «Алдыдагы сапардын алкагында КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп […]

Сизге жагышы мүмкүн