Аба ырайы: 9-декабрдан баштап суук түшөт

Автор

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 9-12-декабрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

9-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 сууктан…+2 жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° суук болот.

12-14-декабрларда абанын температурасы мындан да төмөндөйт. Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

6-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 6…11,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 16…18° болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кагылышуу башталгандан бери Газа тилкесинде 16 миңден ашуун адам набыт болду

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы кагылышуу күчөгөндөн бери Газа тилкесинде көз жумгандардын саны 16 миң 248 кишиге жетип, 43 миңден ашуун адам жаракат алды. “Эгерде (Израиль) күчтөрдүн алдыга жылуусу улана берсе, саламаттыкты сактоо тармагы толугу менен кыйрап калышы мүмкүн”,-деди Газанын саламаттыкты сактоо министри Маи аль-Кайла. Газа тилкесинин өкмөтүнүн маалымат борборунун билдирүүсүнө […]

Сизге жагышы мүмкүн