Бишкекте жол чырактар жаңыланат

Автор

Бишкек шаарында жол чырактар  жаңыланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө инновациялык системаларды киргизүү максатында үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын киргизүү, светофордук объекттерди модернизациялоо, светофордук жана жол таянычтарын реконструкциялоо пландаштырылууда.

 

Төмөнкү көчөлөрдө:

 

— Аалы Токомбаев көчөсү Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;

 

— Абдрахманов-Байтик Баатыр көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинен Аалы Токомбаев көчөсүнө чейин.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда чет элдик валюта жетиштүү

Кыргызстанда чет элдик валюта жетиштүү. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришти. Эске салсак, буга чейин акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар сатууга чектөөлөр киргизилип жаткандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Белгиленгендей, Улуттук банк эч кандай чектөө киргизген эмес.   Учурда бир доллардын расмий курсу 88 сом 92 тыйынды түзүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн