Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтөт

Автор

Бишкекте 22-25-апрель күндөрү Салтттуу музыка жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Быйылкы жумалык Салттуу музыка күнүнүн 20 жылдыгына жана Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналат.
Министрлик жумалыктын программасын жарыялады:
22-апрелде “Манас” күнү белгиленет:
саат 10:00дө “Манас эпосу. Бириктирилген варианттын зарылчылыгы” темасында тегерек стол башталат;
Саат 18:30 – “Манасчы” спектакли болот.
23-апрелде “Күү” күнү белгиленет. Бул күнү саат 10:00дө Салттуу музыка күнүнүн 20 жылдыгына жана Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган тегерек стол болот. Анын темасы: “Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусстводогу плагиат маселелери” (плагиатты аныктоонун жана андан коргонуунун жолдору).
Саат 18:30да “Эр Төштүк” спектакли болот.
24-апрелде “Ыр” күнү белгиленет:
саат 10:00дө “Салттуу музыкалык искусство жана этнодизайн аталышындагы илимий-практикалык конференция;
саат 18:30да Министрликке караштуу маданият тармагындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын, музыкалык мектептердин бириктирилген концерти болот.
25-апрель – Салттуу музыка күнү:
Бул күнү саат 10:00дө Салттуу маданият жана искусство борборунун ачылышы болот;
саат 11:30да “Окуу жайлардагы салттуу музыка боюнча окутуу жана кадр даярдоо маселелери” темасында тегерек стол өтөт.
саат 18:30да Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жыйынтыктоочу салтанаттуу “Устаттан аманат…” аттуу концерти башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Лермонтов жөнүндө кызыктуу фактылар

Михаил Лермонтовду ким билбейт? Бул орус жазуучусу көзү тирүүсүндө эле дүйнөлүк инсанга айланып, анын чыгармачылыгы ага өлбөс-өчпөс атак-даңк тартуулады. Лермонтовдун ырлары ушул күнгө чейин изилденип келе жатат. 1. Михаил Лермонтов төрөлгөн байыркы үй-бүлөнүн ата-бабалары шотландиялык жамакчы Томас Лермонтовдон тараган жана уламыштарга айланган. 2. 17-кылымда поляк лейтенанты Георг Лермонт орус аскерлеринин […]

Сизге жагышы мүмкүн