Бишкекте прокуратура кызматкери 450 миң сом пара менен кармалды

Автор

Бишкекте прокурордун улук жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирет Башкы прокуратуранын маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-апрелде саат 18:40 чамасында Башкы прокуратурасы тарабынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ыкчам коштоосунда Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы Б.А. арыз ээсине карата кылмыш иштери боюнча маселелерди оң чечкендиги үчүн 450 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бөлүшүү:
Next Post

Ким Чен Ын Түндүк Корея аскердик спутник курганын билдирди

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын апрель айында Түндүк Кореянын аскердик чалгындоо спутниги түзүлгөнүн айтып, аны өз убагында учурууну буйруганын билдирди. Борбордук телеграф агенттигинин маалыматына караганда, 18-апрелде Ким Чен Ын билим берүү жана илимий мекемелердин жооптуу кызматкерлери, ошондой эле Кореянын элдик армиясынын Башкы чалгындоо башкармалыгынын алдындагы техникалык чалгындоо башкармалыгынын командалык […]

Сизге жагышы мүмкүн