Ахрор Иминов эки айга камалды

Автор

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов эки айга УКМКнын СИЗОсуна камалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Соттун чечимине ылайык, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылаган деген шек менен кармалган Ахрор Иминов 4-декабрга чейин камакта болот.

Эскерте кетсек, камакка алуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси “Уюшкан топ түзүү же ага катышуу” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке келди

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. “Манас” эл аралык аэропортунан Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Тажикстандын Президенти Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине […]

Сизге жагышы мүмкүн