Бишкекте Ноорузга карата айрым көчөлөр жабылат

Автор

Бишкекте Нооруз майрамына карата шаардын борборундагы айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ноорузга карата Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чаралар өтөт. Ага байланыштуу 20-21-мартта айрым көчөлөр жабык болот:
Чүй проспектиси – Панфиловдон Эркиндик бульварына чейин;
Раззаков көчөсү – Абдымомуновдон Чүй проспектисине чейин;
Орозбеков көчөсү – Абдымомуновдон Чүй проспектисине чейин.
Милициянын кайгуул кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, айдоочулар түшүнүү менен мамиле жасарына үмүт кылат.

Бөлүшүү:
Next Post

"Каракол" тоо лыжа базасына барчу жол оңдолот

“Каракол” тоо лыжа базасына бара турчу унаа жолго асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолду изилдөө иштери аяктагандан кийин тротуар жана веложол куруу иштери да кошо жасалары айтылды. Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү бийликтин карамагында туруп, 2023-жылы министрликтин балансына өткөрүлүп берилген соң […]

Сизге жагышы мүмкүн