Бир жумада сасык тумоонун 11,5 миң учуру катталды

Автор

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 50-жумасында (11.12-17.12.23) республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциянын жана сасык тумоонун 11 миң 575 учуру катталган.
Ошондой эле акыркы жумада Бишкекте жана Чүй облусунда COVID-19 инфекциясынын 2 учуру катталды.

Республикада сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 менен ооругандардын саны боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жана баалоо улантылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртең "Кыргыздар" тарыхый китебинин 40 томдугунун бет ачаары өтөт

“Кыргыздар” тарыхый китебинин 40 томдугу чыкты. Бул туурасында китептин түзүүчүлөрү кабарлады. Тарыхый эмгектин бет ачары эртең, 21-декабрда саат 14:00дө Улуттук тарых музейинде коомчулуктун катышуусунда өтөт. Аталган 40 томдукта байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз элинин тарыхы, салт-санаасы, санжыра, рухий маданияты жана башка көптөгөн тарыхый маалыматтар камтылган. Китепти Кыргыз эл жазуучусу […]

Сизге жагышы мүмкүн