Бишкекте коомдук транспортто жүрүү үчүн мектеп карталарын кайдан алууга болот?

Автор

Бишкек мэриясынан коомдук транспортто жүрүүгө мектеп карталарын (жашыл түстөгү “Тулпар” картасы) кайдан алууга болорун айтып беришти.

Муниципалитеттен белгилешкендей, окуучулар үчүн транспорт картасын алуу үчүн үйдөн чыкпай онлайн арыз калтырууга болот.

Арызды калтыруу үчүн сайтка кирүү керек. Андан кийин бардык талааларды толтуруп, 3х4 форматындагы окуучунун сүрөтүн (сүрөт документтегидей болушу керек) жана бардык керектүү документтерди (окуган жеринен маалымкат, туулгандыгы тууралуу күбөлүк) жүктөө керек.

 

Эгерде сиз бардыгын туура толтурган болсоңуз, анда арызыңыз адистер тарабынан каралып, карта 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен Октябрь акимчилигинде жайгашкан сервистик борбордо берилет. Окуучу картанын баасы 50 сом, иштөө убактысы боюнча чектелген эмес.

 

Картаны сатып алгандан кийин окуучу картасын туташтыруу үчүн төмөнкүлөр керек:

 

“Тулпар” мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз;

катталуу;

картаны өзүңүздүн жеке эсебиңизге байланыштырып, балансты толтуруңуз.

Даяр картаны Октябрь акимчилигинин 1-кабатында жайгашкан “Тулпар” тейлөө борборунан алсаңыз болот жана бир айга 240 сомдук окуучулук тарифти туташтырып коюу мүмкүн.

 

Мектеп карталары боюнча кошумча маалымат үчүн телефон: 0505 58 0151

 

Эскерте кетсек, буга чейин мэрия 20-августтан тарта Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай акча кабыл алынбай тургандыгын маалымдаган.

Бөлүшүү:
Next Post

 Сот Фархат Исмаиловдун арызын канааттандырган жок

Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловдун мандатынан ажыратылышы боюнча арызын карап, канааттандырган жок. Мындай чечим 3-августта кабыл алынган. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду («Альянс») диплом чырына байланыштуу 6-июлда мандатынан ажыраткан. Буга жасалма диплом маселеси себеп болгон.   […]

Сизге жагышы мүмкүн