Бишкекте жаңы шаар курулат

Автор

Эми Бишкек шаары экономиканын локомотиви болот. Борбор калаабызды өнүккөн, таза, татынакай ал эми шаар тургундары маданияттуу болууга тийиш. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Бирок, деди ал, “базарлардын жана көчөлөрдө майда-чүйдө саткандардын шаары болуп баратабыз. Бишкекте эң чоң көйгөй бул – мектептер менен транспорт экен. Ошентсе да, 16 мектепти Европалык стандартта куруп, 1000 автобус алып бердик”,- деди
Ипподромду бошотуп, ал жерге жаңы шаар курулаарын, автовокзалдар шаар сыртына чыгарылаарын, ага эң аз дегенде 25 млн доллар керектелээрин айтты. “Быйыл буйруса, 50 млн долларга стадион курабыз. Андан сырткары таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушун баштайбыз. Жакында ири курулуштар башталат”,- деди Акылбек Жапаров.

Бөлүшүү:
Next Post

Премьер-министр Израил толук жеңишке чейин күрөшөөрүн айтты

Израил Газа тилкесинде карапайым калк чыгып кеткенден кийин толук жеңишке чейин күрөшөөрүн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Буга чейин 7-февралда Израилдин премьер-министри аскер кызматкерлерине Газа тилкесинин Египет менен чек арасындагы Рафах шаарында согуштук аракеттерди баштоого даярдык көрүүгө буйрук берилгенин кабарлаган. Эки күндөн кийин Нетаньяху армияга карапайым калкты эвакуациялоо жана шаардагы […]

Сизге жагышы мүмкүн