Президент Акүйдүн жаңы аталышын айтты

Автор

Бишкектеги президенттин администрациясынын жаңы имараты “Ынтымак-Манас Ордосу”  деп атала турган болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасына жазды

Президент өз билдирүүсүндө жаңы имараттын атын «Ынтымак-Манас Ордосу» деп атоо туура боло турганын жазып, аны төмөндөгүдөй негиздеген.

Сиздерге бир апта мурун курулушу бүтүп келаткан Президенттик Администрациянын имаратынын атын тандоо боюнча кеңеш сурап кайрылган элем. Талкууга жигердүү катышып, ар түрдүү варианттарды сунуштаганыңыздар үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем.

Сунушталган варианттардын ичинен төмөнкү төрт аталыш көбүрөөк аталыптыр:

Ак Ордо, Кут Ордо, Айкөл Ордо жана Ынтымак Ордо.

Ынтымак Ордосу болсун деген сунуш жеке менин сунушум эле. Көпчүлүктүн сунуштарынан улам, дагы бир атты кошуп, Ынтымак-Манас Ордосу десек ылайык болчудай.

Эмне үчүн Ынтымак?

Кыргызда бир уламыш кеп бар.

Кызыр алейхисаламдын эшигин каккылап биринчи Бакыт келет экен. Сен кимсин десе, “Бакытмын” дейт. “Аа, күтө тур деп, эшикке күттүрүп коет. Артынан эле Таалай келет. Аны да күттүрүп коет. Ырыс келет, Кут келет, Байлык келет, Бийлик келет, анан эң акырында Ынтымак келет.

 

“Ии, эми баарыңар чогуу киргиле!, — деп баарын киргизет.

 

Ошондо беркилер сурайт:

 

“Ээ Кызыр алейхисалам, эмнеге Ынтымак келгиче чейин баарыбызды күттүрүп койдунуз?”.

 

Кызыр алейхиссалам:

 

“Ынтымагыңар болбосо, бирөөңөр да ушул жерде олтурбайт элеңер. Баарыңар бириндеп,

 

бири-бириңди карабай, кирип-чыгып кете берет элеңер. Качан гана ынтымак болгондо баары болот. Араңарда ынтымак болбосо, ишиңер оңолбойт. Бириндеп, өзүңөр кошо жок болуп кетмексиңер”, — деген экен.

 

Чынында эле ынтымагыбыз бекем болсо, баардык ийгиликтер болот.

 

Ушул Ынтымак-Манас Ордобузда түбөлүк ынтымак орноп, келечекте дайыма элдин башын бириктирип турган, журт керегине жараган Манастай айкөл, баатыр уулдар чыгып турсун деп, эл сунуштаган Манас атабыздын атын дагы кошуп койсок ашыкча болбос

Ынтымак-Манас Ордобузда

«Жолубуз шыдыр, жолдошубуз Кызыр алейхисалам болсун!»», — деп жазган Жапаров.

Ошондой эле президент эл тарабынан көп варианттар сунушталганын, алардын бир тобу окшош экенин кошумчалап, элден түшкөн 108 вариантты тизмектеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү аяктады

Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин шаршембиде Пекинде өткөн сүйлөшүүлөрү аяктап, орус лидери Кытайдын борбор калаасынын борборундагы Элдик жыйындар залынан чыгып кеткенин Кытайдын борбордук телеканалы билдирди. Путин Кытайга Си Цзиньпиндин чакыруусу менен келди.  Буга чейин ал “Бир алкак, бир жол” форумунда сөз сүйлөгөн. Үчүнчү жогорку деңгээлдеги “Бир […]

Сизге жагышы мүмкүн